Сайдинова Джаркын Бектургановна

Сайдинова Джаркын Бектургановна 1966-жылы Ыссык Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында төрөлгөн, ушул айылдан мектепти 1983-жылы аяктаган, ушул жылы Тоо- Кен орто окуу жайынан радист-метеоролог адистигин аяктаган. 1986-жылы СССРдин    50-жылдык атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин География факультетине мугалимдик адистигине тапшырып, ийгиликтуу аяктаган.

  • 1987-жылдын 17-декабрдан баштап  А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон  орто мектептебинде эмгек жолун пионерлер уюмунун жетекчиси болуп баштаган.
  • 1989-жылдан баштап өз адистиги, география мугалими болуп эмгектенген.
  • 1996-2009-жылдар аралыгында мектептин профсоюз уюмун жетектеген.
  • 2009-жылдан баштап окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
  • 2018-жылы ушул мектептин директору болуп дайындалган.
  • 2019-жылынын 6-майынан баштап Ак-Тилек орто мектебине директор болуп эмгектенип келет.