Мектептин тарыхы
Ак-Тилек орто мектеби Кемин районундага Бишкек-Торугарт трассасынын боюндагы Бообек айылында жайгашып, чыгыш жагынан Жаны-Алыш айылы, батыш жагынан Чым-Коргон айылы менен чектелип турат. Мектеп 1956-жылы курулуп, 2016-жылы 60-жыл болду. Мектеп өзүнүн жашоосунда бир канча өзгөрүүлөргө дуушар болуп, бир убакта «Заготскот» канторасы, окуу өндүрүштүк комбинаты болду. Ал эми 1991-жылы башталгыч мектеп катары ишке киргизилип, 1994-жылы толук эмес орто мектепке айланды. 1996-жылдан баштап орто мектеп болуп жашоосун улантты, биринчи жолу 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн 1999-жылы өзүнүн уясынан учуруп Ак-Тилек орто мектеби болуп аталды. Бообек айылынын калкынын табыгый өсүшү акырындык менен болсо да , туруктуу өсүп келе жатат. Ушул убакытка чейин көптөгөн бүтүрүүчүлөрдү өз уясынан учуруп келе жатат.